- Кыргыз Республикасы
- Бишкек, 724300
- Лебединовка пр., 262
- info@efres.kg
EFRES жчк– Effective and Reliable Solutions (эффективдүү жана ишенимдүү кадамдар). Бул компания Кыргызстандын экономикасындагы корпоративдик, мамлекеттик жана жеке менчик субъекттерине керектүү аппараттык программалык камсыздоо кылуу үчүн негизделген.
Компаниянын максаты — өлкөбүздүн (тактап айтканда экономиканын) өнүгүүсүнө өз салымын кошуу, натыйжада: калктын социалдык деңгээлин көтөрүүдө, эң сапаттуу жабдуулар жана алдыңкы программалык камсыздоо кызматын жеткиликтүү баада көрсөтүү.
EFRES компаниясынын стратегиясы — каржылык тобокелдикке салып, жабдуулардын жана кызматтардын баасын төмөндөтүү. Мындай арзандатуу өз чыгымдарды оптималдаштыруу жана өз пайданы азайтууда гана эмес, ошол эле учурда жабдууларды чыгаруучу компаниялар менен активдүү иштешүүдө, белгиленген пландарды жана өндүрүүчүлөрдүн процедураларын ачык-айкын ишке ашыруу. Ошондой эле өндүрүүчүлөрдүн территориясында жеке жолугушуулар кошумча дилерлик арзандатууларга мүмкүнчүлүк берет. Бул арзандатуулар түзмө-түз кардарлардын жалпы баасында чагылдырылат, а бул олуттуу каражаттарды башка социалдык багыттагы долбоорлорго жумшоого шарт түзөт. Мындай стратегия биздин компанияны жергиликтүү рынокто атаандаштыгыбызды жогорулатат. Башкача айтканда, EFRES компаниясы өзүнүн милдетин мыкты продуктту жеткиликтүү баада сунуштоо менен аткарат.
EFRES компаниясы: ORACLE, VMware, Veeam, Microsoft, UiPath, SolarWinds, Kaspersky, Fujitsu, Dell, HP, APC, Schneider Electric, GucBir, Hitachi жана көптөгөн башка дүйнөлүк компаниялардын официалдуу жана авторизацияланган кызмат өнөктөшу болуп саналат. EFRES компаниясы бир ордунда турбастан, дайыма квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштейт. Технологиялар тез-тез өзгөрүп турган учурда, EFRES компаниясы өзүнүн инженерлерин өндүрүүчүлөрдүн платформаларында окутуп турат. Компаниянын инженерлери дайыма тренингдерди жана семинарларды экзамен сертификаттары менен өтүп турушат.
Кардарларга жабдууларды тартулоо менен, EFRES компаниясы ошол эле учурда техникалык жактан колдоо көргөзөт. Биздин кардарлар жабдуулардын сапатына ар дайым ишенимдүү жана кандайдыр бир бузулуулар болсо, биздин инженерлер аны дайыма ар кандай кырдаалда оңдоп берүүгө даяр. Бизге кардарлардын ишеними жана биздин рынокто туруктуу иштөөбүз түздөн түз өлкөнүн экономикасына жана өнүгүшүнө таасир тийгизет.
Коомго жана кардарларга жакын болуу менен EFRES компаниясы кайрымдуулук иштерин дагы жасайт. Компания карылар үйүнө, балдар кайрымдуулук фондуна, жаштар футбол командасына колдоо көргөзөт. EFRES компаниясы мындай мүмкүнчүлүк үчүн өзүнүн кардарларына ыраазычылык билдирет.